Эмомали Рахмон «Ата-Бейитке» барды (сүрөт)

Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүл чамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды.

Андан соң, залкар кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.