Министрлер кабинети прокурор каза болсо берилчү компенсацияны 12 эсе азайтууну сунуштады.
Финансы министри Алмазбек Бакетаев комитет жыйында төлөм эми 1,5 миллион сомго чейин түшөрүн айтты. Андан тышкары, кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон мамкызматкерлердин үй-бүлөсүнө төлөнүүчү компенсациянын суммасын атады:
- ИИМдин кызматкерлери — 2,5 миллион сом
- Соттор — 1-1,5 миллион сом
- Мектеп директору, мугалими — 5-5,5 миллион сом
- Дарыгерлер — 5 миллион сом
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер — 1 миллион сом
- Айдоочулар — 1 миллион сом
- Пол жуугучтар — 400-500 миң сом
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу депутат каза болуп калса, канча акча төлөнөрүн сурады. Финансы министри 1 миллион сом экенин айтты.
«Эң азы депутаттыкы экен да ээ», — деген депутатка мамлекеттик кызматкелерге да ошончо төлөнөрүн айтты.