«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына өткөрүлгөн республикалык сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Биринчи топтун арасынан:

— I орун 1 500 000 сом байге фонду менен — Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө;

— II орун 1 000 000 сом байге фонду менен — Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнө;

— III орун 500 000 сом байге фонду менен — Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө;

Экинчи топтун арасынан:

— I орун 1 500 000 сом байге фонду менен — Ысык Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө;

— II орун 1 000 000 сом байге фонду менен – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтүнө;

— III орун 500 000 сом байге фонду менен — Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнө.

Мындан тышкары, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты:

Абдыразаков Асылбек Таштанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;

Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич Талаc облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;

Мозгачева Виктория Андреевна Бишкек шаарынын вице-мэри;

Усенова Эльмира Валентиновна Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын президентинин атынан алкыш жарыялады:

Апбасов Каныбек Сагынбековичке Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы;

Абдыкадыров Эмилбек Ысакуловичке Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы;

Ормоков Эрнисбек Абдижалиловичке Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри;

Рахманкулов Алмазбек Рахманкуловичке Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.