Кубанычбек Турдубаев энергетика жана өнөр жай министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким дайындалды?

Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Ал февраль айынын башында өкмөттүн жаңы курамынын катарында аталган кызматка сунушталып, кийин дайындалган эле.

Анын ордуна Бекмурзаев Доскул Жумагулович Энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.