Энергетика министри: «Токтогул ГЭСиндеги алмаштырылышы керек болгон бир агрегатсыз эле жылытуу мезгилинен чыгып кеттик»

«Токтогул ГЭСиндеги алмаштырылышы керек болгон бир агрегатсыз эле жылытуу мезгилинен чыгып кеттик». Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргыз энергетиктери жылытуу мезгилинен ийгиликтүү чыгып алды. Айрым саясатчылар менен эксперттердин энергетикалык коллапс жөнүндөгү жана кезектеги өчүрүүлөр тууралуу күмөн санаган пикирлерине карабай кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүп алдык. Мунун баары энергетиктердин эмгегине жараша болду. Белгилей кете турган болсом, жылытуу мезгилинен биз Токтогул ГЭСиндеги алмаштырылышы керек болгон бир агрегатсыз эле чыгып кеттик. Суунун курулай агып кетүү коркунучу бар болчу. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Биздин президент Садыр Жапаров коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен кошумча электр энергиясын алып туруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп койгон эле», — деп жазды министр.