«Министрди кууруп жесеңер да, система кризистен чыкпайт». Садыр Жапаров электр энергия жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, электр энергия жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Коомдо катуу талкуу жаратып жаткан электр энергия жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө жана толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Антпесем, мени келе калып эле энергетика системасын кризиске батырып салгандай көрсөтүп, сындап жаткан айрым жарандарыбыз соцтүйүндөрдөн түшпөй жатышат.

Акыркы он жылдан бери бир дагы ГЭС салынган эмес. Суунун башында туруп, кошуна өлкөлөрдөн кышкысын электр энергиясын сатып алып турушкан. Кыргызстан үчүн бул өтө уят иш. Арзан баада алса дагы мейли дейсиң го. Бир киловатын беш сомдон алышып, элге 77 тыйындан берип турушкан. Албетте 5 сомдон деп кагаз жүзүндө көрсөтүлгөнү менен чыныгы баасы арзан эле болсо керек? Калганы чоңдордун чөнтөгүнө кетип турган. Балким, ушундай кызыкчылыктарды улантып, жыргап жашай бериш үчүн өзүбүздө жаңы ГЭСтерди курушкан эместир? Ошентип жеп келишип энергетика системасын банкрот абалга жеткиришкен. Жыйынтыгында 140 миллиард сомго жакын карызга батырышкан. Бүгүнкү күндө мына ушул сумманы энергетика министрлиги ички жана тышкы булактарга карыз. Бул деген «банкрот» дегенди билдирет. Былтыр мен ишке жаңы киришкенде энергетика системасынын ахывалын көрүп алып төбө чачым тик турган. Ошондо эле энергетика министрлигине “Мындан ары бир тыйын карыз албайсыңар. Импортту 5 сомдон алууну токтотобуз. Бизде өздүк наркы канча болсо ошончодон алабыз, же өзүбүздөн иштеп чыгабыз” деп тапшырма бергем. Мына бүгүн импорттун баасы 2 сомдун тегерегинде болуп жатат. 140 миллиард сом карызды көбөйтпөстөн четинен кутулуп баштадык. Кичи жана орто ГЭСтерди сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып, энергетика системасын кризистен алып чыгабыз. Импорттоочу эмес, экспорттоочу өлкөгө айланабыз. Ага чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаевди “куурдак” кылып кууруп жесеңер дагы бул система кризистен чыкпайт. Анча мынча мүчүлүштүктөр сөзсүз болот. Айла жок чыдайбыз.

Көмүр боюнча. Жайлы жайлай “Кыргыз көмүрдө” саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталды. Муну моюнга алабыз. Бирок саботажга карабай ӨКМдин бардык техникаларын өз убагында жардамга киргизип, көмүр казууну тездетип, үлгүрүп калдык. Азыр да соботаж уланып жатат. Анткени ал жактагы коррупцияны жок кылып жатабыз. Кандай коррупция деген суроо туулат. Мисалы, Кара-Кечеден Балыкчыдагы көмүр кампага машинанын номери менен кагаз эле келет экен. “Баланча машина менен түкүнчө тонна көмүр келип түштү” деген. Мөөр басылып, кабыл алынды болот. Тагыраак айтсам «воздух» келет. «Воздух» көмүрдүн ордун эмне менен толтурушат экен дебейсиздерби? Балыкчыдагы кампадан кум аралаштырып жиберишет экен. Мына ошентип, ЖЭБге алып келгенде бармак басты, көз кысты болуп эле өтүп кетип турган. Кара-Кечеден баштап, ЖЭБге чейинкилер менен кумдан түшкөн пайданы бөлүшүп турушкан. Ошентип ЖЭБ кум аралашкан көмүр жагып жүргөн. Ошол үчүн ушул ишке аралашкан бир нече адамдар камалышты. Кум аралашкан көмүр жагууну токтоттук. Башка коррупциялашкан иштердин үстүнөн дагы иштеп жатабыз. Кыскасы, чирип калган системаларды тазалап жатабыз», — деп жазды ал.