Энергетика министринин милдетин аткаруучу Алексей Ширшов менен иштешкенин айтты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Маданият, Транспорт, Билим берүү жана Энергетика министрликтеринин жетекчилерине талапкерлерди карап жатат. 

Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, ЖМКлар Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Алексей Ширшов менен иштешкенин жазышууда. Ал бул чындык экенин айтты. «Ооба, иштегем. Эмгек ишмердүүлүгүм Турдакун Усубалиевдин убагында башталган», — деди Таалайбек Ибраев.