Эрбол Султанбаев: «Акыйкатчы «өлкөнү дестабилизация кылабыз» деп камалгандарды эле коргоп жатат»

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кабар” агенттигине Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча айтканына комментарий берди.

«Сөз эркиндиги боюнча эч кандай тыюу жок. Ким каалаганын сүйлөп жатпайбы. Митинг өтө турган жер катары Горький сквери бар. Ким кайсыл убакта кааласа, ошол жерге митинг уюштурат, каалаган сөзүн эркин сүйлөйт. Аларды журналисттер, блогерлер чагылдырып, таратышууда. Социалдык тармактардан түз эфир кылып, ар ким каалаганын сүйлөп жатат. Сөз эркиндигине эч кандай кысым жок бизде.

Акыйкатчыга эле ошондой сезилип атса керек. Себеби Акыйкатчы «өлкөнү дестабилизация кылабыз» деп камалгандарды эле коргоп, карапайым элди коргогонун байкаган деле жокпуз. Өлкөгө бүлүк салам дегендер же адамды ак жеринен каралагандар жооп бериш керек да. Бирөөнү жөнү жок эле каралап коюп, анан ал сотко берсе же үстүнөн арыз жазса эле «мага кысым болуп жатат» деген туура эмес да. Биринчи бирөөнү каралаардан мурда так маалыматтарды чогултуп алышың керек. Сотко берсе да сенин колуңда айныгыс далилдер турушу керек. Сенин айткандарың далилдүү болуп турса, анан ага карабай сени жоопко тартып жатса, анда «сөз эркидигин кысымга алып атат» деп айтсаң болот», — деди ал.