Президенттин маалымат катчысы коңшу өлкөдөгү окуя боюнча чагымчыл билдирүү жазбоого чакырды

Коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди, блогерлерди жана башка активдүү турмуштук позициядагы адамдарды коңшу жана башка чет мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга карата ар кандай чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоодон жана баа берүүдөн карманууга чакырабыз. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө катары башка бир дагы чет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Чет мамлекеттерде болуп жаткан процесстердин баары алардын ички иштери. Ошондуктан, биз дагы бир жолу коңшулаш жана башка мамлекеттерде болуп жаткан окуяларга мамлекеттердин ортосундагы ынак коңшулаштыктын принциптерине каршы келген пикирлерди жана баалоолорду жарыялабоону өтүнөбүз», — деп жазды ал.