Эрбол Султанбаев: «Президенттин башкы прокурорду кызматтан четтеткени Конституцияга каршы келбейт»

Башкы прокуратуранын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш иштерин козгоосу жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши жөнүндөгү кийинки чечим маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда талкууланууда. Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди.

«Министр Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, жалпыга маалымдоо каржаттарындагы маалыматтардан улам коомчулукка жакшы белгилүү болгон саламаттыкты сактоо министри менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, президент кызматтан тергөө мезгилине кызматтан убактылуу четтеткенине көңүл буруу керек. Белгилүү болгондой, кылмыш иштери боюнча тергөө мөөнөтү кылмыш процессуалдык мыйзамдар боюнча 2 айды түзөт. Муну менен Башкы прокурор кызматынан бошотулбагандыктан, бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу да талап кылынбайт. Демек тергөө мезгилине кызматынан четтетүү Конституцияга каршы келбейт», — деди ал.

Ошону менен бирге, “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун нормасына ылайык мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу чараларга аткаруу жүрүшүндө кызыкчылыктар конфликти пайда боло турган мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдарды кызматтык милдеттерин аткаруудан чететтүү да кирет.

«Саламаттыкты сактоо министри менен Башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелер кызыкчылыктардын кагылышуусу – коомдук-укуктук милдеттер менен жеке кызыкчылыктардын ортосундагы конфликт, мында кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна таасирин тийгизген же таасир этиши мүмкүн болгон, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн, бул учурда — Алымкадыр Бейшеналиевдикин.

Жогоруда аталган мыйзамдын 11-беренесинде кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары үчүн чектөөлөр белгиленет — аларга көзөмөл, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

Демек, мамлекет башчысы Башкы прокурорду саламаттык сактоо министринин ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерге байланыштуу тергөө мезгилинде ээлеген кызматынан чететтүү жөнүндө чечими мыйзамдарга толук ылайык келет», — деди ал.