Эрбол Султанбаев: «Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти билдирүү жасашат»

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Биринчи мамлекеттер аралык кеңештин жыйыны өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтер кабыл алынып, Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев прессага билдирүү жасашат. Бул мамлекеттик сапардын алкагындагы иш-чаралар УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир 15.40та эки лидердин расмий жолугушуу аземи менен башталат», — деп айтылат маалыматта.