Эрбол Султанбаев: «Токаевге сыйлык тапшыруу пландалган эмес болчу»

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Казакстандын президентинин иш сапары учурунда ага I даражадагы «Манас» орденин тапшыруу пландалганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирип, сыйлык тапшыруу пландалбаганын айтты.

Кечээ, 18-июнда Касым-Жомарт Токаев I даражадагы «Манас» орденин алуудан баш тартканын казакстандык басылмалар жазышкан.