Эрдоган Жапаровго байланышып, эки президент Казакстанды талкуулашты

Түркия тараптын демилгеси менен кечээ, 6-январда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстандагы окуяларды талкуулашты.