«Эрке балабыз кайда жүрсө келип, отчет берсин». Парламент Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрдү

Парламент министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөөнү сунуштоодо. Бүгүн жыйында бир нече депутат дал ушундай билдирүү жасашты. Жогорку Кеңештин күн тартибиндеги биринчи маселе министрлер кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарындагы сугат суусунун учурдагы абалы жөнүндө болчу. Эл өкүлдөрүн жыйынга Улукбек Мариповдун келбегени нааразы кылды.

«Биз добуш менен кабыл алганбыз, Министрлер кабинетинин төрагасы жыйынга келмек. Биз ошол үчүн өкмөт башчы, премьер-министр деп кайрылбашыбыз керек. Булар дагы эле асманда өзүн премьер-министр элестетип жүрүшөт. Бул туура эмес, эл өкүлдөрү чакырган соң келиш керек. Эрке балабыз кайсы жакта жүрсө келип, отчет берсин. Мен анын келишин талап кылам», — деди Шайлообек Атазов. 

«Эгер биз жыйынтык чыгарабыз десек, бүгүн комитет карап, чечим чыгарышыбыз керек. Же ишеним көрсөтпөө жарыялайбызбы, же ишин так аткара алган жок дейбизби. Бир чечим чыгарышыбыз керек», — деди Бакыт Төрөбаев.

«Мен Министрлер кабинетинин төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштайм», — деди Уланбек Исмаилов.

Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовдун айтымында, Улукбек Мариповдун жолугушуулары пландаштырган. Ал БУУнун өкүлдөрү менен жолугуп жатканын айтты. Эл өкүлдөрү добуш берүү менен бул сунушту комитеттин кароосуна жөнөттү.