Эркинбек Чодуев министрлик кызматынан бошотулду

Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Маалыматка ылайык, ал өз арызы менен кызматтан кеткен. Эркинбек Чодуев аталган министрликке 2019-жылдын май айында дайындалган эле.

Бош калган креслого айрым маалымат булактары боюнча, 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо “Ата мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Тилек Токтогазиев ээлейт.