Эркинбек Осоев өз арызы менен транспорт министри кызматынан кетти

Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Министрлер Кабинети жөнүндө”  конституциялык мыйзамдын 11-беренесине ылайык кол койгон жарлыктын негизинде транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал аталган кызматка өткөн жылдын август айында дайындалган болчу.