Ерлан Жаманкулов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун басма сөз катчысы болуп Ерлан Жаманкулов дайындалды.

Ерлан Жаманкулов мурда Кыргыз Республикасынын президентинин №1 мамлекеттик резиденциясында иштеген. Андан тышкары 2016-2020-жылдары “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.