Эрмат Жумаев президенттин Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде Жумаев Эрмат Жумаевич президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык ал Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду.