Эртең Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кызматтан кетери айтылууда

Эртең, 12-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип, анын ордуна экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров келери айтылууда. Бул маалыматты айрым ЖМКлар өз булагына таянуу менен жазышты.

Марипов февраль айында премьер-министр болуп дайындалган. Конституциянын жаңы редакциясына кол коюлгандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы деп өзгөргөн.