Эртең Өзбекстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Эртең, 27-февралда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызтанга иш сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушууларынын жүрүшүндө өзбек-кыргыз мамилелеринин негизги аспектилери жана саясий дипломатиялык чек ара маселелери,соода-экономикалык, транспорт, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү иштери талкууланат.

Ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын өркүндөтүү, аймактык жана региондор аралык масштабдагы жаңы инфраструктура, транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болот.