Эртең Владимир Путин менен Садыр Жапаров жолугат. Кайсы маселелер талкууланат?

Эртең, 24-февралда Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү болот. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз кызматы билдиришти.

“Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан аркы өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда”, — деп жазылат маалыматта.