Депутат Эрулан Кокулов: «Эл кнопка баскыч деп туура эле айтат»

Адахан Мадумаровдон кийин эле эң көп добуш алган Эрулан Кокулов лупа алдындагыдай жашоосунун күңгөй-тескейин айтып берди. «Акчага эмес, эл үчүн деп жасаган иши менен мага окшоп шайланып келген депутаттар көбөйсө экен» деген каарманыбыз «Ар тарап» берүүбүздүн алгачкы коногу болду.

«Не сахар» долбоорунда кыйын болчусуң, азыр чыкпай калдың» дегендер бар. Азыр мага чыгыштын кереги жок болуп калды. Депутаттарды кнопка баскычтар дейт. Кнопка баскан бул менин бирден бир жумушум. Кнопка баскыч деп туура эле айтышат. Менин жумушумда ошол кнопка басканга чейин канча нерсени окуп, канча нерсени түшүнүшүм керектигин эле түшүнбөйт да. Аны басып коюш оңой», — деди ал.