Эрулан Кокулов: «Мен депутат болгондон баштап жума сайын кредит алып жатабыз»

«Мен депутат болгондон баштап жума сайын кредит алып жатабыз». Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Эрулан Кокулов билдирди.

Ал насыя алууда миллиондогон акчалар кеңешчилердин кызматына гана коротулат деп эсептейт. «Мен депутат болгондон бери бүт Кыргызстан кеңешчи болуп кетти окшойт. Консультанттардын кызматы эмне үчүн мынчалык кымбат экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз, бирок ал кредит менен ишке ашкандан кийин, консультациялык чыгымдарды азайтуу үчүн иштөө керек болчу», — деди Кокулов.

Буга Финансы министринин орун басары Руслан Татиков мындай сүйлөшүүлөр дайыма болуп турат деп жооп берди. Ушул тапта Бишкекте 2022-жылы кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Электр энергетикасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.