«Мен этиканы бузгандай жакаладымбы, сөктүмбү же эшигин талкалай тептимби?». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов «Саясий коктейль» берүүсүндө бүгүн кызматтан алынган Каныбек Иманалиев экөөнүн чыры тууралуу маалымат берип жатып айтты.
«Эгер адам өзүнүн же башка бирөөнүн талабын мыйзам чегинде коргоп жатса, бул этика бузууга кирбейт. Ушул нерсени ойлоп таппагылачы. Адамдын кийинип жүргөнүнөн этика бузулбайт, эгер ал жылаңач жүрбөсө. Мен шайланып келгем. Ооба, мен Жогорку Кеңеште костюм-шым кийип жүрүшүм керек. Депутат 24 саат бою депутат», — деди ал.