Эрулан Кокулов: «Мен каршымын деп чыктым. Бул оңойго турган жок»

«Мен каршымын деп чыктым. Бирок бул оңойго турган жок. Анткени бул жерде суроолор көп экен. Көп убакыт ойлонууга туура келди. Биздин аскерлер Казакстанга бара турган болсо, мен дагы Казакстанга барайын деп сурандым», — дейт Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов. Ал бул тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Кечээ, 6-январда аталган депутат кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү боюнча «позициям бар, бирок мен аны айтпайм» дегени үчүн сынга кабылган эле.