Эрулан Кокулов: «Менин 5 жыл депутат болуп отурарымды Кудай билет»

Адахан Мадумаровдон кийин эле эң көп добуш алган Эрулан Кокулов лупа алдындагыдай жашоосунун күңгөй-тескейин айтып берди. «Акчага эмес, эл үчүн деп жасаган иши менен мага окшоп шайланып келген депутаттар көбөйсө экен» деген каарманыбыз «Ар тарап» берүүбүздүн алгачкы коногу болду.

«Мен пендемин. Менин 5 жыл депутат болорумду Кудай билет. Айтып жатышпайбы «кийинки шайлоодо сага добуш бербейм» деп. Мен ушул чакырылышта 5 жыл аягына чейин отурамбы, аны Кудай билет. Баарына даярмын. Мен ушунча мээнет кылып жатып, өзүмө-өзүм ыраазы эмесмин. Мындан көбүрөөк кыла аларымды билем. Ошого умтулам», — деди ал.