«Эшикке чыкпайсыңбы?» деп жатат». Бишкектеги түтүндөн улам Жогорку Кеңеште чуу чыкты (видео)

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Бишкектеги түтүн маселесин эмдиги аптага калтырганга болбой турганын, адамдарды түтүн өлтүрүп жатканын айтты. «Эмнеге адамдар өлүп жатса, бул ишти эмки аптага калтырып жатасыз. Муну кандай түшүнсө болот?» — деди ал.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев муну кадимкидей эле түшүнсө болорун, регламентке туура келбей турганын айтты. «Регламент жол бербей жатса, мен кантип кийирем? Өзүңүз жакшы билесиз. Мен киргизе албайм, анда регламентти оңдойлу», — деди ал.

Өмүрзаков микрофонго чыгып, бул маселени буга чейин бир нече депутат көтөргөнүн, мындан көйгөй жаратуунун кереги жок экенин айтты. «Сапатсыз көмүр сатылып жатат. Чыксаңыз көчөгө. «Кочегарда» жүргөндөй болуп жатабыз», — деди ал.

«Мени эмне аларды коргоп жатат деп ойлоп жатасызбы? Кандай жооп бербейм. Мага эшикке чыкпайсыңбы деп жатпайбы. Чыгып эле жүрөм эшикке. Көрүп эле жатам», — деди Сыдыгалиев. 

Депутат микрофону жок кыйкырып, сүйлөп жатты. Өмүрзаковдун жанына Медер Алиев келип, аны орундугуна алып кетти.