«Эсибизге келбейлиби?». Балбак Түлөбаев жарыктын кымбатташы боюнча эл ичинде нааразычылык бар экенин айтты

Балбак Түлөбаев өкмөткө кайрылып, жарыктын тарифинин жогорулашы жана элге берилип жаткан насыянын үстөк пайызы көп экенине нааразы болду.

«Садыр Жапаров командаңыздан абайлаш керек болууда. Жарыктын баасын кайра көбөйтүп алып келип жатат. Бул коркунучтуу. Мурда ушул менен болду дебедиңер беле. Эми кайра 3-жолу келеби? Элди кыдырып келдик. Нааразычылык көп. Билинбей жыйнала берет. Кичине эсибизге келбейлиби, урматтуу өкмөт. Жума сайын насыяны карап жатабыз. Насыя алыш керек. Бирок насыя жума сайын келип жатат. Пайызын көбөйтүп жатасыңар. Айылдыктар кана насыя деп жатышпайбы. Анча пайыз менен жеке банктар деле берет да», — деди ал.