«Эсиңе кел! Абайла!». Адахан Мадумаров кайрылуу жасады (видео)

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров видео кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн видео кайрылуусунда камакка алынган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу да өз оюн айтты. Мадумаровдун айтымында, анын жаңылыштыгы жарандарга Баткен коогасын кенен түшүндүрүп бергенинде. Партия мүчөсү буга чейин эле анын артынан аңдуулар болуп жатканын, «абайла, камалып кетпе» деген коркутуулар болуп жатканын айткан.

Мындан тышкары, ал буга чейин берген сурактары боюнча да үн катты. Ал Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандан бери суракка чакырылып, суралып жүргөнүн айтып, бул күндөр өтөрүн, эртең да бет карашыш керектигин билдирди.