«Если вас насилуют…» Депутат Масалиев прокурорлорго «алыңар жетпесе, чыдагыла» деди

«Если вас насилуют, у вас нечем сопротивляться, расслабьтесь и попытайтесь получить удовольствие». Мындай сөздү бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев прокурорлого карата айтты.

«Тарыхты эскертип коёюн. Бир жолу силердин баш прокуроруңар баатырлык кылган. Сотто эки жигитти актап коюп, мына келечеги ачылып, депутат болду, башкы прокурор болду, силерде ушундай эрдик жетпей жатат. Америкада ушундай бир тамашалуу катуу сөз айтылган болчу: «Если вас насилуют, у вас нечем сопротивляться, расслабьтесь и попытайтесь получить удовольствие». Силерге ошону каалайм. Алыңар жетпесе, анда эми чыдагыла. Көзөмөл функцияңар калып жатат. Аны эч качан унутпагыла», — деди Масалиев.

Депутаттын жогорудагы сөзү Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды. Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.