Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айып пулдарды кыскартуу боюнча жыйында депутат Шайлообек Атазов менен санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев айтыша кетишти.
Депутат: Министрлер кабинетинин орун басары бул келишимдерди карап чыктыңыздарбы?
Министр: Кайсы келишимдерди айтып жатасыз?
Депутат: «Вега» менен түзүлгөн келишимдерди.
Министр: Ооба, бул биз менен түзүлгөн келишим.
Депутат: Кандай деп түзүлүптүр келишим?
Министр: Мен сурооңузду түшүнгөн жокмун.
Депутат: Кабминге түшүнбөгөндөр чогулуп алгансыңар да.
Депутат министрден «Веганын» өкүлү келген-келбегенин сурады. Жыйынга аталган компаниянын өкүлү келген эмес. Мындан тышкары депутат бул долбоордон кайсы органга канча пайыз каражат түшөрүн, шарттардын бары-жогун сурады.
Депутат: Демек, камера коюлган жерлердин бардыгына чиймелер чийилген, жол белгилер коюлган ээ?
Министр: Түшкөн каражаттын 25 пайызы өз алдынча бийликке берилет. Сиз сурадыңыз кандай максаттарга берилет деп.
Депутат: Мекеме максаттарын аткарыптырбы?
Министр муну өз алдынча бийликтен сураш керектигин айтты.
Депутат: Сиз сурабайсызбы? Не кылып отурасыз сиз ал жерде?
Министр: Сизден суранам, суроону этикага тууралап бериңизчи.
Депутат: Сиз мага этиканы үйрөтпөңүз.