«Этиканы сактабайлыбы». Жыйында депутат менен министр айтыша кетти

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айып пулдарды кыскартуу боюнча жыйында депутат Шайлообек Атазов менен санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев айтыша кетишти.

Депутат: Министрлер кабинетинин орун басары бул келишимдерди карап чыктыңыздарбы?

Министр: Кайсы келишимдерди айтып жатасыз? 

Депутат: «Вега» менен түзүлгөн келишимдерди.

Министр: Ооба, бул биз менен түзүлгөн келишим.

Депутат: Кандай деп түзүлүптүр келишим?

Министр: Мен сурооңузду түшүнгөн жокмун.

Депутат: Кабминге түшүнбөгөндөр чогулуп алгансыңар да.

Депутат министрден «Веганын» өкүлү келген-келбегенин сурады. Жыйынга аталган компаниянын өкүлү келген эмес. Мындан тышкары депутат бул долбоордон кайсы органга канча пайыз каражат түшөрүн, шарттардын бары-жогун сурады.

Депутат: Демек, камера коюлган жерлердин бардыгына чиймелер чийилген, жол белгилер коюлган ээ?

Министр: Түшкөн каражаттын 25 пайызы өз алдынча бийликке берилет. Сиз сурадыңыз кандай максаттарга берилет деп.

Депутат: Мекеме максаттарын аткарыптырбы?

Министр муну өз алдынча бийликтен сураш керектигин айтты.

Депутат: Сиз сурабайсызбы? Не кылып отурасыз сиз ал жерде?

Министр: Сизден суранам, суроону этикага тууралап бериңизчи.

Депутат: Сиз мага этиканы үйрөтпөңүз.