ЭТТНдин эффективдүүлүгү же зарылчылыгы аткезчилик менен күрөшүү, көмүскө экономиканы жарыкка алып чыгуунун механизми болуп саналат. Бул тууралуу Салык кызматынын жаңы төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитеттин жыйынында айтты.
Шыкмаматовдун айтымында, Кыргызстанда ЭТТНди киргизүүдө терең анализ жасалбай көп жаңылыштыктар менен кирип калган.
«Мисалы бизде 13 миң түр товардын аталышы киргизилген. Тиш чукугучтан баштап нефть продукциясына чейин. Айталы ошол тиш чукугуч аткезчилик менен келбейт да, аны жасалма да жасабайт. Коомчулук туура сындап жатат. Ошондуктан нефть продукциясы, спирт, тамеки, меджабдыктар жана дары-дармек сыяктуу бюджетти калыптандыруучу беш товарга гана ЭТТН калышы керек. Калганын бошотуп салуу зарыл», — деди Шыкмаматов.