Еврокеңеш жана ЕККУ Бюросу Кыргызстандын жаңы Баш мыйзамы боюнча корутундусун жарыялады

Европа Кеңешинин Венеция Комиссиясы жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ / ДИАУБ) Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросу Кыргызстанда иштелип чыккан жаңы Конституция боюнча биргелешкен корутундусун жарыялады.

Корутундуда жаңы Баш мыйзамда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбаганы баса белгиленди. Баш мыйзамдагы айрым нормалар демократия жана укук үстөмдүгүндө эң маанилүү болгон адамдын жеке эркиндигин чектейт.

Ошондой эле 11-апрелде референдумга коюлган жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу жол-жобосундагы олуттуу кемчиликтер, анын ичинде толук камтылган жана деталдуу консультациялардын жоктугу көрсөтүлгөн.

«Европа Биримдиги демократиялык принциптерди, негизги укуктарды жана эркиндиктерди урматтоо Кыргызстандын эл аралык стандарттарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык камсыздалышы керек деген позициясын дагы бир жолу ырастайт. Ушул максатта жаңы Баш мыйзамдын долбоору Венеция Комиссиясы менен ЕККУ / ДИАУБдун биргелешкен пикирин эске алышы керек. Европа Биримдиги Кыргыз Республикасында реформалоо программасын алга жылдырууда жана анын алдында турган көйгөйлөрдү чечүүдө колдойт»,- деп айтылат маалыматта.