Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал мыйзам бузуулар боюнча териштирүү жүрүп, сөзсүз чара көрүлө тургандыгын, ага убакыт керектигин кошумчалады.
«Камераларга тартылган видеолор келсе, аны карайбыз. Эгерде ошол фактылар орун алган болсо, ошол шайлоо участкаларындагы жыйынтыктар толугу менен жокко чыгарылат. Ар бир мыйзам бузуулар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамдын негизинде чечимдер кабыл алынат», — деди Шайназаров.
Айта кетсек буга чейин социалдык тармактарда шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу бир нече видео тараган.









