Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 5-декабрда сотто Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралган. Анын жыйынтыгында, Ниязовду 10-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыккан. Ал эми Канат Сагымбаев үй камагына бошотулган.
Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, кийин октябрь айындагы окуяларда чыгарылып, кайра 9-октябрда болуп өткөн «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айланган митингден кийин кармалган эле.