Фарид Ниязов 10-июнга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 5-апрелде президенттин аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-июнга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин адвокат Замир Жоошев Ниязовдун ден соолугуна байланыштуу бүгүн сот аны бошотуп калышы мүмкүн деген үмүтү бар экенин айткан эле. Буга чейин адвокат Фарид Ниязовдон III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония аныкталганын, ден соолугунун абалы начар экенин билдирген.

Мындан улам 26-мартта Ниязовду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган. Фарид Ниязовдун абалынан кабар алган Акыйкатчы институту дагы Башкы прокуратурадан анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнгөн.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов Кой-Таш окуяларына, кийин 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыкка айыпталып камакта. 18-мартта Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, СИЗО-1 мекемесинде 10-апрелге чейин кармоо чечимин чыгарган.