Фарид Ниязовду шаардык сот үй камагына чыгаруудан баш тартты

Кечээ, 28-декабрда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду Бишкек шаардык соту үй камагына чыгаруудан баш тартты. Тагыраагы ал 10-февралга дейре камакта калды.

Буга тергөөчүнүн иш боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр эмес экендиги, тергөө бүтө электиги тууралуу маалыматы жана прокурордун өтүнүчү себеп болгон. Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, соттук залдагы Ниязовдун туугандарынын нааразычылыктарын уккан судья аларга “чыгат” деген.

Фарид Ниязов 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык үчүн шектелип кармалган.