Жактоочу Фарид Ниязовдун ооруп жатканын айтып, башкы прокурорго кайрылды

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, ошондой эле президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун жактоочусу анын ооруп жатканына байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу жактоочу жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жактоочу Жазык-процесстик кодекстин 118-беренеси боюнча, кылмышка шектүү адамда оор илдет аныкталса, анын бөгөт чарасын жумшартса болорун айтып, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Белгилей кетсек, 18-мартта Бишкек шаардык соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, аны мурдагы күчүндө калтырган. Анда Ниязов СИЗО-1 мекемесинде 10-апрелге чейин болоору айтылган. Ошондой эле ал күнү жактоочу Замир Жоошев журналисттерге Фарид Ниязовдон III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония аныкталганын, ден соолугунун абалы начар экенин  билдирген.

Фарид Ниязов 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык уюштурууга шектелип кармалган.