«Фейсбук» президент Жапаровдун уу-коргошунга байланыштуу постун өчүрдү

«Фейсбук» компаниясы президент Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан «айыктыруучу дары» тууралуу постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык тармактын басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу «Азаттыкка» ырастады.

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз«, — деп билдирди «Фейсбук» компаниясынын басма сөз катчысы.

Президенттин уу-коргошун тууралуу посту Инстаграмдан да жоголуп кеткен эле. Бул жагдай боюнча президенттин басма сөз кызматына байланышуу мүмкүн болбой жатат.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын жазган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу-коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу-коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын маалымат жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган болчу.