Феликс Кулов «7-каналды» жана Топчубек Тургуналиевди сотко берди

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов «7-канал» телекомпаниясын жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди сотко берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында буга чейин «7-каналдын» журналисттери анын Чехияда отели бар экендиги тууралуу маалымат таратышкан. Мындай билдирүүнү тастыктоо ирээтинде аталган каналдын журналисттери коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди сүйлөтүшкөн. Ал эми Топчубек Тургуналиев өз сөзүндө Куловду 17 аскердик учактын мыйзамсыз саткан деп айыптаган.

Менин дарегиме буга чейин деле ар кандай сөздөр айтылып, мезгил-мезгили менен жалаа-жабуулар болуп турчу. Бирок мен эч качан жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берген эмесмин. Деген менен мен сотко бергендер акыркы мезгилде аша-чаап кетишкендиктен мындан эки ай мурун аларды сотко бергем. Бул убакыт аралыгында бир нече сот отурумдары болуп өттү. Бирок «7-каналдан» да бирөө, Топчубек Тургуналиев тараптан да бирөө басып келген жок. Билем алар жоопкерчиликтен коркушат. Бирок мен алардан материалдык компенсация өндүрүп берүүнү талап кылбай элемин. Эгерде мен соттон утуп чыксам, жөн гана алардын эл алдында менден кечирим сурашын талап кылам”, -деп билдирди Кулов.

Белгилей кетсек, Феликс Кулов учурда 72 жашта. Ал көп жылдар бою ички иштер башкармалыгында кызмат кылып, 1992-жылы Кыргызстандын вице-президенти болгон. Кийин Чүй облусунун губернатору, атайын кызматтын жетекчиси андан соң Бишкектин мэри болуп иштеген. Ал эми 2002-жылы ошол мезгилдеги бийлик тарабынан Куловго мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу тууралуу айып коюлуп, соттолгон. Бирок 2005-жылы ал Акаевдин бийлик алмашуу учурунда абактан чыгып, кийинчерээк толук акталган.