Феликс Кулов Жогорку Кеңеш тууралуу: «Бул чимкириктер таң калтырбай деле калды»

Экс-премьер-министр Феликс Кулов Конституциянын акыркы долбоорун ачык булактардан табууга мүмкүн эмес экенин айтып, депутаттарды сынга алды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып жаткан бир жолдош менен кызыктуу баарлашуу болду. Тагыраагы, мен ага жардам берип жаткам. Иштин жүрүшүндө жаңы Конституциянын долбооруна кайрылууга туура келди. Көрсө, биз ар башка долбоорлорго таянып жатыптырбыз. Ал мени акыркы вариантын колдонуп жатам деп ишендирди. Жооп катары мен акыркы вариант деп эсептеген башка долбоорду көрсөттүм», — дейт Кулов. 

Мындан улам алар Баш мыйзамдын жаңы редакциясын издеп, Жогорку Кеңештин сайтына баш багышкан. Бирок таппай коюшкан.

«Баш мыйзамдын долбоору көпчүлүк мыйзам долбоорлорунун арасында жоголуп кетиптир. Бирок баары таба алгыдай көрүнөө жерде илинип туруш керек эле. Бирок таң калган жокпуз, анткени бул чимкириктер таң калтырбай деле калды. БШКнын сайтынан табабыз деп ишендик, анткени алар өлкөнүн референдумга чыгарылып жаткан башкы мыйзамын өз сайтында жарыялоого милдеттүү эле. Бирок биз бул уюм тууралуу абдан жогору ойдо болгон экенбиз. Булар референдумду кантип өткөргөнү жатышканы түшүнүксүз», — деди ал.

Экс-премьер-министр анын жолдошу колдонуп жаткан долбоордо парламенттик оппозиция тууралуу бир да сөз жок экенин айтат. Кулов өзүндөгү варианттан анда жок беренелерди таап берген.

«Биз, эки юрист, ушундай абалда калып жатсак, анда юрист эмес адамдар тууралуу сөз кылуунун кажети да жок. Мамлекеттик маанидеги маанилүү маселеге жоопкерчиликсиз мамиле, башкача айтууга мүмкүн эмес. Дүйнөлүк коомчулук алдында шылдың болуп деле бүттүк окшойт: бир туруп Конституциянын текстин жоготобуз, бир туруп элге кайсы долбоорго добуш берүү керектигин көрсөтө албайбыз», — дейт Феликс Кулов.