Феликс Кулов: “Садыр Жапаров эл үчүн, өз убадалары үчүн шайлоодон баш тартышы керек”

“Садыр Жапаров эл үчүн, өз убадалары үчүн шайлоодон баш тартышы керек”. Бул тууралуу экс-депутат Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. Анын айтымында, Жапаров премьер-министрлик милдетин аткарууга кайтышы керек. Ага бир катар экономикалык, социалдык, саясий мүнөздөгү себептерди негиз кылган.

Куловдун айтымында, акыркы 25 жыл ичинде өлкөнүн экономикасы бир да жолу азыркыдай кейиштүү абалда болгон эмес. “Өкмөт башчылык кызматка киришип жатып, сиз башкаларга караганда элдин жашоосун жакшыртуунун жолдорун жакшы билем дедиңиз эле. Мындан улам, баалуу болуп турган убакытты коротпой, элге берген убадаңызды аткарууга киришкениңиз туура болмок” дейт Кулов Жапаровго.

Экс-депутаттын баамында бүгүн коомчулук болуп көрбөгөндөй ыдырагандай абалда турат. “Оппоненттерди куугунтукка алуу жана коркутуу агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, элдешкис күрөшкө айланууда. Мындай жагдай президенттик шайлоонун жыйынтыгынын бейтараптуулугуна терс таасирин тийгизет. Мунун баары октябрь айындагы окуялардын кайталанышына алып келиши ыктымал” дейт Феликс Кулов.