Соттордун маянасы орточо 81 миңден 160 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Финансы министрлиги президенттин буйругунун ишке ашышы тууралуу айтылган расмий пресс-релиз менен таратты.
Маалыматка караганда, дагы бир катар кызматкерлердин маянасы жогорулаган. Алар:
— аскер кызматкерлери (орточо 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин);
— медициналык кызматкерлери (орточо 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин);
— маданият кызматкерлери (орточ 7,8 миң сомдон 11,7 миң сомго чейин).
Бул максаттар үчүн кошумча 3,8 миллиард сом бөлүнгөн.