Финпол ИИМдин карамагына өткөрүлөт. Эми Жапыкеев кызматсыз калабы?

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлат. Финансы полициясынын милдеттери аны менен катар Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасынын милдеттери да  Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын 1-февралдагы жыйынында өкмөттүн курамында кыскартуулар болорун айтып, 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирген болчу.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын Сыймык Жапыкеев жетектейт.