Финпол жана Жаза аткаруу кызматы министрликтердин карамагына өттү

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Экономика жана Каржы министрлигинин карамагына өттү. Бирок анын аталышы өкмөттүн жаңы түзүмүндө ушундай эле аталыш менен калды. Бул тууралуу өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча 12-февралда жарыяланган токтомунда айтылды.

“Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндөгү” токтомго Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) да ишин ушундай эле аталыш менен ишин уланта берет, бирок түздөн-түз өкмөткө эмес, Юстиция министрлигине караштуу болот.

Экономика жана Каржы министрликтеринин базасында Экономика жана финансы министрлиги, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги, Саламаттык сактоо жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтеринин ордуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги түзүлдү.

Өлкөдө 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришкенден кийин бир катар мекемелер кайра түзүлүп, аталышы өзгөртүлдү. Улукбек Марипов өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул кадамдар мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айткан.