Финпол: «Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарып берди»

“Мурдагы вице-премьер, Каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди”. Бул тууралуу Финансылык полиция маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, мурдагы чиновникке карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча иш тергелип жатат.
Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдиргени айтылат. Кийинки аптада жогоруда аталган жер тилкелери Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарылат.