Финполдун функциялары кайсы органга жүктөлөт? Бул боюнча өкмөттүн пресс-кызматында маалымат жок

Финансы полициясынын функциялары кайсы органга жүктөлөрү азырынча белгисиз. Бул туурасында СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-мартта, премьер-министр Улукбек Марипов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу чечимин кабыл алганы маалымдалган.

Буга себеп катары Финансы полициясынын өзү коррупциялашып кеткени жана өз милдеттерин аткарбай калганы көрсөтүлгөн.

«Финансы полиция экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүдөн тышкары алдын-ала божомолдоо, ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдеттүү.

Бирок, Финансы полиция объективдүү түрдө бүгүнкү күндө жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрбөстөн, жазалоочу функцияларды гана аткарып келүүдө», — деп айтылган өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Былтыркы жылдын октябрь окуяларынан кийин бул кызматты жетектеп келген Сыймык Жапыкеевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.