Форма №2 жоюлуп Бишкек менен Ошто шайлоочулардын саны азайды

Форма №2 жоюлганына байланыштуу Бишкек менен Ошто шайлоочулардын саны азайды. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 3 миллион 552 миң 582 жаран добуш берүүгө катыша алат. Бул тизме жашаган жерин алмаштырган жарандардын санына жараша 29-декабрга дейре өзгөрүшү ыктымал. Шайлоочулардын эң көп саны – 726 миң 311 жаран Ош облусунда катталган.

Бүгүн үгүт иштери башталды. 10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум да өтөт.