Форма №2 жокко чыгып, шайлоо күрөсү — 1 миллион сом, босого чен 3 пайыз болот

Ички мигранттар үчүн Форма №2 жокко чыгарылды, шайлоо күрөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайды, босого чени 7 пайыздан 3 пайызга түштү. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов буга чейин бир нече жолу көтөрүп, айтып жаткан мыйзам долбоору кечээ, 22-октябрь күнү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Өткөн аптада дал ушул мыйзам долбоорунан улам Алтынбек Сулайманов менен Жогорку Кеңештин башкы комитетинин төрагасы Канат Керезбековдун ортосунда чыр чыккан.

Ошентип шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоору  парламентке көп сандагы партиялардын келишине жол ачат. 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоо бир топ нааразычылыкты жаратып, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган эле.